Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Элдердин достугу университетинде азырык кырдаалды талкуулаган митинг болду. Ага төрт миңдей адам катышканын “Азаттыктын” аймактык кабарчысы кабарлады. Митингде “Ата Мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев элди тынчтыкка, ынтымакка чакырып сөз сүйлөдү. Чогулгандар арасынан өзбек улуттук маданий борборунун вице-президенти Улукбек Абдысаламов Убактылуу өкмөттү колдой тургандарын айтып, коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду ынтымакты бузууга аракет жасап жатат деген негизде сотко берүү чечимин кабыл алышканын билдиришти. (КЕ)