Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Жалал-Абад: Митингге чогулгандар губернатор шайлады


Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана мурдагы коргоо министри Бакытбек Калыевди жактап митингге чыккандар облус губернатору кылып Пайзуллабек Рахмановду, ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине Кубаныч Төрөбаевди шайлашты. П. Рахманов “Биз бир гана Бакиевди тааныйбыз, коргоо министри катары Калыевди, ички иштер министри катары Конгантиевди тааныйбыз. Учурдагы өкмөттү тааныбайбыз”, - деп айтты. Ушул тапта чогулгандар Жалал-Абад облустук акимчилигинин короосуна кирип барып, күзөтчүлөрдү кубалап чыгууда. “Азаттыктын” аймактык кабарчысынын айтымында, он чакты адам жаңы губернаторду отургузганы администрациянын ичине кирип кетишти.

Убактылуу өкмөт тарабынан Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруу Бектур Асановго жүктөлгөн эле. Бул окуя боюнча Убактылуу өкмөттөн жооп алуу мүмкүн болгон жок.(КЕ)

XS
SM
MD
LG