Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Апрель ыңкылабында курман болгондордун жыйырма алтысы Нарындын кулундары


7-8-апрелдеги Өкмөт үйүнүн алдындагы коогалаңдан каза болгондордун саны республика боюнча 85 ке жетсе, алардын ичинен 26 адам Нарындын кулундары болуп саналат. Мындай маалымат Нарын шаардык мэриясынан алынды. Бүгүн апрель ыңкылабында курман болгондорго арналып шаардагы педогогикалык окуу жайынын сейил багына 66 бактын көчөттөрү тигилди. Бул иш чарада сөз сүйлөгөн Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов эркиндиктин азамат уулдары унутулбайт деди. Бул иш чаранын демилгечиси "Жаш Данакер" коомдук бирикмеси баш болгон ар кыл тармакта иш алып барган жаштардын жети уюму болду. (JI)

XS
SM
MD
LG