Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды


Жогорку Кеңештеги "Ак Жол" жана коммунисттер фракцияларынан чогулган 30 депутат жана 18 депутаттын ишеним каттынын негизинде бүгүн кезексиз отурумда З. Курмановду ЖКнын төрагасы кызматынан бошотуп, анын ордуна төрага кылып коммунисттердин лидери И. Масалиевди шайлашты. Депутаттардын айтымында, З. Курмановго да чакыруу жиберилген, бирок ал Жогорку Кеңеш Убактылуу Өкмөттүн декрети менен жоюлгандыгын билдирип, келүүдөн баш тартты.

7-апрелде К. Бакиевдин бийлиги кулаганда бириккен оппозиция өлкөдөгү бардык бийликти жана жоопкерчиликти өз колуна алып, Убактылуу өкмөт түзүп, өзүнүн биринчи декрети менен Жогорку Кеңешти таратып, Өкмөттү, Президенттин катчылыгын жана аппаратын жоюп жиберген.
(КС)

XS
SM
MD
LG