Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Авиатранспорттун Эларалык ассоциациясы Европа өкмөттөрүн сындады


Авиатранспорттун Эларалык ассоциациясынын ырастоосунда, Европанын өкмөттөрү жанар тоодон атылган күл менен түтүндүн учактарга келтирчү коркунучун баалоодо жана тиешелүү чара көрүүдө бир топ ката кетирген. Мекеменин башчысы Жованни Бизиньяни бир да талкуу өткөрүлбөгөнүн, координациянын жоктугун белгилейт. Ал сыноо учуулардын жыйынтыктары белгилүү болоору менен аба мейкинин тезиреек ачуу керек деди. Европанын бир катар өлкөлөрүндө 5 күндөн бери аба мейкини жабык турат. Өткөн шаршембиде Исландияда жанар тоо атылып, андан чыккан күл аралаш түтүн асманды каптагандыктан, континенттин улам бир өлкөсү учууларга тыюу салышкан. Миңдеген рейстер үзгүлтүккө учурап, 6,8 миллионго жакын жүргүнчү эки жакка уча албай калган. Маалыматтарга караганда, авикомпаниялар күнүнө 200 миллиондой доллар чыгашага туш болушууда.

XS
SM
MD
LG