Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Кабулдагы аскерий базада жардыруу болду


Ооган армиясынын Кабул аэропортунун жанындагы базасында жардыруудан бир аскер курман болуп, экөө жараат алышты. Ооганстан коргоо министрлигинин басма сөз катчысы жарылуунун себептери иликтенип жатканын маалымдады. Окуя жоокерлер машыгуу өткөрүп жаткан кезде болгон. Айрым маалыматтарга ылайык, жардырууну жанкечти аскер ишке ашырган. Талибандын өкүлү болсо кол салган адам козголоңчу топтун мүчөсү болчу деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG