Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын атайын өкүлү, БУУнун алдын алып, жөнгө салуучу дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Мирослав Енча жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер менен жолугушту. Жолугушууда Р.Отунбаева өлкөдөгү кырдаал, өлкөнү стабилдештирүү, социалдык-экономикалык, гуманитардык жана саясий маселелелердин чечилип жатканы боюнча маалымат берди. Өз кезегинде М.Енча 6-7-апрелдеги окко учуп каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, "БУУ Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууга колунан келген жардамын берүүгө даяр", - деп билдирген. Ал эми Н.Уолкер учурда Кыргызстанда көмөк көрсөтүүнүн жол-жобосу иштелип жатканын кошумчалаган. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.(КЕ)