Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Ички иштер министрлигине жаңы жетекчи дайындалды


Болот Шерниязов ички иштер министринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Бакыт Алымбеков дайындалганы кабарланды. Бул жөнүндө Коргоо министрлигинин алдында каршылык акциясын өткөрүп жүргөн милиция кызматкерлерине жарыя кылынды. Бирок бул дайындоону Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы азырынча тастыктаган жок.

Милициянын подполковниги Б. Алымбеков буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бөлүм начальниги болуп иштеп келген.

Бүгүн Коргоо министрлигинин алдына милиция кызматкерлери митингге чыгып, тартип коргоо кызматкерлерине социалдык коргоо чараларын күчөтүүнү, маянасын көтөрүүнү жана аларды саясатка аралаштырбоону Убактылуу өкмөттөн талап кылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG