Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Маевкада жер талашкандар кагылышып, үч адам жараат алды


Бишкектин четиндеги Маевка айылынын төмөн жагындагы айдоо аянттарын өз алдынча ээлеп алган жаштар менен ал жерди үлүшкө алган тургундардын ортосундагы кагылышуу чыгып, үч адам жараат алып, тез жардам ооруканага алып кетти. "Азаттыктын" окуяга күбө болгон кабарчысынын айтымында, алар үлүш ээлеринин аткылоосунан жарат алышкан. Кагылышка жерди басып алган адамдарды жергиликтүү дыйкандар сабап жатат деп кечке жуук тараган каңшаар кеп түрткү болгон. Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган адамдын айтымында, жергиликтүү тургундар коргонуу максатында жер талашкан адамдарды туз менен атышкан. Бирок ал жерде милиция кызматкерлери жок болгондуктан жер талашкандар эмнеден жараат алганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жер басып алып жаткан адамдарга барып, маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырган. Чогулган адамдар буга кулак салбай, айдоо аянттарын бөлүп ала баштаганда үлүш ээлери аларга каршылык көрсөтүп, кагылыш чыгып кеткен. (BD)

XS
SM
MD
LG