Октон оор жаракат алган адам кечинде Улуттук хирургия борборунда каза болгондугун аталган ооруканада иштеген дарыгер кабарлады. Ал эми Ахунбаев атындагы клиниканын баш сөөк-жаак бөлүмүндө бир адамга операция жасалып, бирөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөнүн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Азырынча алардын кайдан жаракат алганы такталууда.
Кечке маал Маевка айылынын жанындагы жер басып алуучулар баш аламандык уюштуруп, чыр чыгарып жергиликтүү тургундардын 3-4 үйү өрттөлүп, үч адам жаракат алганын, кагылышууну ички иштер органынын аскерлери токтотконун, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын укук коргоо органынын өкүлү билдирди.
Бишкектин четиндеги Маевка айылынын төмөн жагындагы айдоо аянттарын өз алдынча ээлеп алган жаштар менен ал жерди үлүшкө алган тургундардын ортосунда кечке маал кагылышуу болуп, үч адам жараат алып, аларды ооруканага тез жардам алып кеткенин окуяга күбө болгон "Азаттыктын" кабарчысы маалымдаган болчу. (AJ)