Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Т.Сариев: Бакиевдерге тиешелүү 14,5 млн. доллар табылды


Бишкектеги коммерциялык эки банктан Максим, Марат Бакиевдерге жана мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге тиешелүү накталай 14,5 миллион доллар табылды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн башчысынын финансы жагын тейлеген орун басары Темир Сариев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул табылган каражаттар талап-тоноочулардан жабыр тарткан ишкерлерге жардам катары берилиши мүмкүн. Ал ошондой эле Кыргызстанга коммерциялык банктар жана эл аралык уюмдар каржылык жактан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG