Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Бишкекке ЕККУнун төрагасы, Казакстандын мамкатчысы К.Саудабаев келет


Бүгүн Бишкекке бир күндүк иш сапары менен ЕККУнун учурдагы төрагасы, Казакстандын мамлекеттик катчысы, Тышкы иштер министри Канат Саудабаев келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш сапарында К.Саудабаев убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, саясий партиялардын жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Анда өлкөдөгү саясий абал, оор кырдаалдан чыгууга ЕККУнун көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе талкууланмакчы.
Ошондой эле ЕККУнун төрагасы АКШнын, Орусия, Германия, Түркиянын элчилери, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу пландаштырылууда.
К.Саудабаева иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрмөкчү. (AJ)

XS
SM
MD
LG