Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Курманбек Бакиев Казакстандан чыгып кетти

Бул тууралуу “Азаттыкка” Казакстандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ильяз Омаров айтты. "Өзүңүздөр билгендей, ал (Кыргызстандын мурдагы президенти К.Бакиев - ред.) жакында Казакстандын Тараз шаарына келген эле. Өткөн дем алыш күндөрү өлкөдөн чыгып кетти. Кайсыл мамлекетке жол алганын айта албайм. Анткени К.Бакиев бул маалыматты берген жок", - деди Омаров. Кыргызстанда 7-апрелдеги ыңкылапта бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев Казакстанга 15-апрелде барып, ал жактан кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазган эле.
XS
SM
MD
LG