Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Европа бүгүндөн тарта аба мейкиндигин ача баштайт


Бул тууралуу чечимди Евробиримдик кечээ кабыл алды. Биримдиктин транспорт боюнча комиссары Сиим Каллас чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирээрин айтты. Австрия менен Чехия аэропортторун кечээ эле ачышкан. Франция, Британия, Германиянын бийликтери аба каттамдарынын иши акырындык менен күчүнө кире турганын билдиришти. Соңку кабарларга караганда, вулкандан жаралган чаң аралаш булут Британияга карай жылууда. Ошондуктан Лондондогу аэропорт азырынча ачылбайт. Өткөн аптанын шаршембисинде Исландияда жанар тоо жарылып, абага түтүн, чаң аралаш булут таркап кеткен. Адистер мындай абалда учууга болбойт дешкендиктен, Европадагы аэропорттордун 80% жабылган эле. Бул авиакомпаниялар үчүн чоң жоготууга турду, миллиондогон жүргүнчүлөр бара турган жактарга жетпей калышты, же транспорттун башка түрлөрүн тандоого мажбур болушту.

XS
SM
MD
LG