Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери нааразылык акциясын бүгүн да улантып жатышат. Дубандагы кабарчыбыздын билдирүүсүндө, азыр обулустук бийликтин имаратынын алдына 500дөн ашык адам чогулду. Митингге чыккандар Курманбек Бакиевди президенттик кызматына алып келүү тууралуу талаптарынан кайта элек. 19-апрелде алар Жалал-Абаддын губернаторлугуна Пайзуллабек Рахмановду шайлап алышкан. Пайзуллабек Рахманов “Азаттыктын” кабарчысына дубанда кырдаал тынч экенин билдирип, убактылуу өкмөт мүчөлөрүн “мамлекеттик кылмышкерлер” деп атап, кызматташууга барбай турганын бүгүн дагы жар салууда. (EK)