Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартипти көзөмөлдөөгө чыгышты


Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, бүгүн эрте менен милиция кызматкерлери катарга тизилүүдөн элдик кошуундар менен биргеликте тартипти сактоо чыгышты. Ички иштер министринин милдетин аткаруу кайрадан Болот Шерниязовго жүктөлгөнү айтылууда. 19-апрелде кечинде милиция кызматкерлеринин бир тобунун талабы менен Бактыбек Алымбеков ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган эле. Бирок көп узабай Шерниязовдун тарапкерлери аны ордуна калтырууну талап кылып, Убактылуу өкмөттүн жетекчисине келишкен. Натыйжада алардын талабы канааттандырылып, Болот Шерниязов кызматында калтырылганы кабарланууда. ИИМдин маалымат кызматы болсо министрдин милдетин ким аткарып жатканы тууралуу так маалымат бере алган жок.

XS
SM
MD
LG