Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Ошто оппозициялык ишмер Абдыкайым Кангелдиев эсине келди


Оштогу Революциялык комитетинин лидерлеринин бири, “Мыйзамдуулукту коргоо” уюмунун жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев 3-апрелде белгисиз адамдар тарабынан токмоктолуп, эс учуна келбей жаткан. Кечээ эсине келген Абдыкайым Кангелдиев тилге кирди. Активист убактылуу өкмөттүн кадрдык саясатына нааразы болуп, обулустук жана райондук жетекчилик кызматтарына экс-президент Курманбек Бакиевдин режиминин камчысын чапкан адамдар келип жатканына нааразычылык билдирди. Кангелдиев учурда Ош райондук бейтапканасынан обулустук ооруканасына шашылыш которулуп, мээсине кан уюп калганына байланыштуу ага операцияга жасалганы жатат. Абдыкайым Кангелдиевдин токмоктолушу боюнча кылмыш иши козголуп, бирок айыпкерлер эмдигиче табылбай келет. Оштогу жергиликтүү укук коргоочулар активисттин сабалышын анын оппозициялык ишмердигине байланыштырышат. (EK)

XS
SM
MD
LG