Бишкектин ылдый жагындагы Маевка айылында жүргөн кабарчыбыздын айтымында, өткөн түнү өрттөлгөн үйлөрдүн жанына айылдын түрк улутундагы тургундары чогулууда. Айыл тургундары кечээки тополоңдо 7 үй өрттөнүп, бир канча турак-жай жана автоунаалар талкаланганын айтышууда. Жабыр тарткандар менен бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал жолугушуп, убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү аркылуу кырдаалды жөнгө салууга аракеттенээрин билдирди.
Айылдын кире беришинде учурда төрт чоң автобуста атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери турушат. Берки тарапта чогулган кыргыздардын өкүлдөрү болсо айылдын түрк улутундагы тургундарынын айрымдары кечээ өздөрү ок атып, кырдаалды курчутуп жибергенин белгилешүүдө.
Кечээ аталган айылдын ылдый жагындагы айдоо аянттарын жүздөгөн тургундар ээлеп алууга аракет жасап, жердин ээсибиз деген тарап жерелрин коргоп калууга чыгышкан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, тополоңдо жалпысынан 5 адам каза тапканын бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. (SM)