Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:28

Жалал-Абадда митингичилер милиция башкармалыгын ээлегенге аракет кылууда


Дубандагы кабарчыбыздын билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад шаарында эки күндөн бери каршылык акциясына чыгып жаткан экс-президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары эл аралык уюмдар тарабынан атайын комиссия түзүлүп, 7-апрелде Ак үй алдында болгон кандуу окуяларды иликтөөгө алууну талап кылышууда. Алар комиссия жыйынтыгы чыкмайынча Убактылуу өкмөттү тааныбай турганын билдиришти. Ушу сааттарга карата топтолгон элдин саны үч миңге жакындап, алардын жарымы областтык милиция бөлүмүнүн, жарымы областтык бийлик имаратынан алдында турушат.

Бир топ адам областтык ички иштер башкармалыгынын дарбазаларын каккылап, Кубаныч Төрөбаевди бул жерге жетекчи кылып отургузабыз деген аракет жасап жатышат. Алардына арасына К. Бакиевдин иниси Акмат Бакиев да келип кошулуп, элге чыгып сөз сүйлөдү. Ал Жалал-Абаддагы ИИБ жетекчиси Сталбек Бакировду ордун жакшылык менен бошотуп берүүгө чакырды. (EK)

XS
SM
MD
LG