Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Жалал-Абадда ИИБ имаратына таш ыргытуу башталды


Областтык Ички иштер башкармалыгынын имаратына таш ыргытыла баштаганын дубандагы кабарчыбыз билдирди. Башкармалыктан полковник наамындагы аскер адамы чыгып экс-президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлерин сабырдуулукка чакырып, жетекчилик алардын алдына чыгаарына ишендирип жатат. Каршылык акциясына чыгып жаткандар облуска губернатор шайлап алган Пайзуллабек Рахмонов милиция имаратынын ичине сүйлөшүү үчүн кирип кетти. Жалал-Абадда экс-президенттин жактоочулары бир топ күндөн бери тынчыбай, соңку эки күндөн бери областтык борбордогу бийлик имараттарын ээлеп алууга аракет кылууда. Алар Убактылуу өкмөттү тааныбай, 7-апрелдеги окуяларды эл аралык комиссия чакыртып иликтөөнү талап кылышууда. (EK)

XS
SM
MD
LG