Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Р.Отунбаева ЕККУнун төрагасы менен жолукту


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри К.Саудабаев менен жолукту. Жолугушууга убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Ө.Текебаев, Т.Сариев жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Р.Казакпаев катышты. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда негизинен Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда ЕККУ төрагасы эл аралык коомчулук убактылуу өкмөттүн өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча аракетин колдоого алаарын жана бардык жардамын берүүгө даяр экендигин билдирген. Тараптар алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго карата ЕККУдан кеп-кеңеш алуу боюнча азын-оолак пикир алмашышты. (EK)

XS
SM
MD
LG