Мындай билдирүүнү Россия президенти Дмитрий Медведев шаршемби күнү Кремлде Өзбекстандын президенти менен болгон кездешүүдөн кийин жасады:
-Арийне, Россия жана Өзбекстан Кыргызстанда күчтүү бийликтин болушун жана кыргыз эли гүлдөп өнүшүн каалайт.
Ислам Каримов болсо Өзбекстан Россияны дүйнөдөгү эле эмес, Борбор Азиядагы да тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн маанилүү оюнчусу, ошондой эле мезгил сынынан өткөн ишенимдүү өнөктөш деп билерин айтты.