Ооганстанда 18-сентябрда болчу парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо башталды. Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын жооптуу кызматкери Закрия Баракзайдын айтымында, шайлооком “саясый өнөктүк эркин, калыс өтүүсү үчүн бар аракетин жасайт”.
Президент Хамид Карзай Батыштын жана өлкө ичиндеги саясый күчтөрдүн кысымынан улам өткөн жумада Көз карандысыз шайлоокомдун жаңы төрагасын дайындаган. Былтыркы президенттик шайлоодо добуштар бурмаланганга байланыштуу Карзай кайра шайлоого барууга мажбурланган. Бирок анын атаандашы экинчи турга катышуудан баш тартып койгон.