Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Түркия Ирактын ядролук программасы боюнча кризиске арачы болууга даяр


Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран-Батыш арасындагы тирешүүгө Анкара арачылык кылууга даяр. Мындай сунушту Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даутоглы бүгүн (20-апрелде) Тегерандагы маалымат жыйынында жасады. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотакки сунушка байланыштуу ооз ачпады.

АКШ башындагы Батыш өлкөлөрү Иран уранды ядролук бомба жасоо үчүн байытууда деп кооптонот. Батыш талашты жөндөө үчүн уранды чет өлкөдө байытууну былтыр октябрда сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG