Оштогу “Реал КУТ” жаштар уюмунун лидери, Ош мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Эрнис Нурматовго белгисиз бирөөлөр телефон чалып, окуу жайдын ректору Муктар Орозбековго каршы иш-чараларды уюштурсаң өмүрүңөн айрыласың деп коркутушууда. Нурматовго жашырылган номер менен чалып коркутуу бир канча жолу болуп, ОшМУнун проректору Ашыраалы Борбоев Кара-Кулжа районуна барып, анын ата-энесине да ачык эскертүү жасаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган Эрнис Нурматов, окуя тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылганын билдирди.
Өткөн окуу жылында ОшМУда келишим акыны жана жатакана баасын төмөндөтүү талабы менен студенттер митингге чыгышкан. Окуу жай жетекчилиги ошондон тарта митингди уюштургансың деп Эрнис Нурматовду айыптап келет. Маалыматтарга ылайык, “Ак жол” партиясынын активдүү мүчөсү, Курманбек Бакиевдин тарапкери болуп келген ректор Муктар Орозбеков кайрадан ректорлук кызматка келүүгө камынууда. (EK; JA)