Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Жалал-Абаддагы “Азаттыктын” кабарчысына коркутуу болду


Бүгүн эртең менен Жалал-Абаддагы “Азаттыктын” кабарчысы облустун администрациясынын жанында түз эфирге чыгып маалымат берип бүткөндөн кийин К.Бакиевдин тарапкерлерибиз деп союл көтөргөн үч жигит анын документтерин текшерип, “жалган маалымат берип жатасың” деп коркутушкан. Администрация алдында тигилип турган боз үйдөн дагы эки жигит келип, күзөтчүлөрдүн башчысымын дегени “К.Бакиевди сындаган, каралаган бир жактуу маалымат берсең жазаланасың” деген талап койгон.

Кабарчыбыздын айтымында, Жалал-Абад обладминистрациясынын жанында К.Бакиевдин тарапкерлери үч боз үй тигип, жанына таш төктүрүп, үстүн килем менен жаап койгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG