Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Ө.Текебаев менен М.Йенч жолугушту


Бүгүн Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев Бириккен Улуттар уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Мирослав Йенч менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Ө.Текебаев М.Йенчке өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргызстандагы социалдык-саясий абалды жөнгө салууда Убактылуу өкмөттүн алдыдагы пландарына токтолду.

Ө.Текебаев Убактылуу өкмөттүн алдында үч маселе турганын белгиледи. Алар: Кыргызстандын аймагында мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу, өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүү жана мамлекеттик бийлик институттарын мыйзамдаштыруу. Текебаевдин айтымында, бул маселелерди чечүү үчүн Убактылуу өкмөт тарабынан “Демократияга кайтып келүү” программасынын долбоору иштелип чыкты. Долбоор калктын шайлоого карата ишенимин калыбына келтирүү максатын көздөйт. Долбоордо Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын үчтөн бир бөлүгүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, дагы бир бөлүгүн саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана калган бөлүгүн эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө берүү каралган.

Өз кезегинде М.Йенч апрель ыңкылабында окко учкандардын жакындарына көңүл айтып, Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүүсү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG