Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Кыргыз-казак-өзбек чек арасы ачыла элек


Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, чек ара күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. “Ак Жол” чек ара бекетинин нөөмөтчүсүнүн билдиришинче, кыргыз жарандары Казакстандын аймагына өткөрүлбөйт, бирок Казакстандан Кыргызстанга кирүүгө мүмкүн. Башка өлкөнүн жарандары Казакстан тараптан өтсө болот. Ал эми кыргыз-кытай чек арасы, “Эркечтам” бекети 20-апрелде күчөтүлгөн режимде толугу менен жабылган, “Торугарт” азырынча иштеп жатат.

Ал эми кыргыз-казак чек арасы да күчөтүлгөн режимде, ушундай эле шарттар менен иштеп жатат. Кыргыз-тажик чек арасы ачык. Басма сөз кызматынан азырынча чек аралар качан ачылаары белгисиз экенин, бул боюнча алдын ала маалымат бериле турганын айтты. Чек аралар Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу 7-апрелде жабылып, убак-сааты менен жарандарды өткөрүп турган. Ал эми 15-апрелден тартып күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG