Бүгүн Бишкекте "Кыргыз элинин биримдиги" коомдук бирикмеси уюштурган саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын III курултайы өтүп, анда Кыргызстанды сактоо элдик комитетин түзүү сунушу колдоо таппай калды. Аталган комитеттин жобосунда ал Убактылуу өкмөттү түзөт, жоюп кое алат, аткаруу, мыйзам чыгаруу вазийпасын өзүнө ала тургандыгы жазылган. Ошондуктан делегаттардын бир даары бул комитетти түзүү Кыргызстанда кош бийликтин чыгышына алып келет деп колдоого алышкан жок. (КЕ)