Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Бакиев Минскиде маалымат жыйынын өткөрдү


Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев мамлекет башчы бойдон кала бергенин билдирди. Бүгүн Минскиде өткөн пресс-конференцияда ал дүйнө лидерлерин убактылуу өкмөттү тааныбоого үндөдү. 15-апрелде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, бир катар мамлекеттердин арачылыгы менен Бакиев Жалал-Абаддан Казакстанга учуп кеткен. Дүйшөмбүдө анын Беларуска жөнөгөнү тууралуу маалыматтар пайда болгон. Утурумдук бийликтин башчысы Роза Отунбаева Минскинин Бакиевге баш паанек берүү чечимин айыптады. “Ал кылмышкер өлкөбүзгө кайтарылууга тийиш”, - деди Отунбаева. Шейшембиде Беларус президенти Александр Лукашенка Бакиевдин айрым жакындары менен Минскиге келгенин айтып, ал "мамлекет жана президент тарабынан коргоого алынат" деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG