Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Авикомпаниялардын чыгашасы 1 жарым миллиард доллардан ашат


Эл аралык авиатранспорт ассоциациясынын маалымдаганына караганда, Европадагы авиакаттамдардын үзгүлтүккө учурашы тармакка бери дегенде 1,7 миллиард доллар чыгаша алып келди. Ассоциациянын аткаруучу директору Жованни Бизиньянинин айтымында, азыркы кырдаалдын масштабы 11-сентябрь теракттарынан кийин түзүлгөн абалдан да олуттуу. Шейшембиде кечинде Британия жана бир нече өлкө аба мейкинин ача башташты. Авиакомпаниялар орто жолдо калган жүргүнчүлөрдүн бардыгын жеткирүү үчүн бир нече күн талап кылынаарын эскертишүүдө. Өткөн жумада Исландияда жанар тоо атылып, күл менен кошо чыккан майда күкүм учактардын моторуна кирип кетиши мүмкүн деген чочулоодон улам, Европа өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү аба мейкиндиктерин жабышкан эле. Анын аралыгында Исландия жанар тоо тынчый баштаганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG