Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Р. Отунбаева: К. Бакиев кайтып келип, сот алдында жооп берсин!


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева К. Бакиевдин бүгүнкү Минск шаарынан жасаган билдирүүсүнө карата дароо жооп кайтарып, экс-президентти Кыргызстанга кайтып келип, апрель ыңкылабынын учурунда мурдагы бийликтин буйругу менен атылган жазыксыз балдар үчүн адилет сот алдында жооп берүүгө чакырды. Р. Отунбаева бүгүн бул сөздөрүн “Азаттыктын” кабарчысына айтты.

“Американын, Россиянын жана Казакстандын президенттери ушундай ырайымдуулук менен К. Бакиевди чыгарып жибергенге аябай аракет жасашты. Цивилизациялуу дүйнөдө президенттин иммунитети бар, бул чыгып кетсе Кыргызстанда эки бийлик болбойт, экинчиден, ал өлкөдө кала берсе тынчтык болбойт, ал бир Жалал-Абадга барып, түштүктүн баш калаасы Ошко барып, коркунуч туудуруп, абдан курч кырдаал болуп жатат, чыгып кеткени туура болот деп, спонсордук жардам берип жатышып, К. Бакиев чыгып кетти эле. Ал үчүн Убактылуу өкмөт канча жаманаттыга калдык. Эми болсо Минскиге келип алып, өлсөм да президенттиктен кетпейм деп, баягы “ок атам, Ак үйгө эч кимди киргизбейм” деген манерасында азыр сүйлөп атат кыйын болуп. Мынчалык кыйын болсо кайта Кыргызстанга келсин. Мына бул жерде мерт болгон балдардын ата-энелери, агалары, энелери, бир туугандары, кыргыз эли күтүп алат. Ошондо кандай сот болот экен, кандай жаза алат экен, биз ага жооп бере албайбыз!”,-деди Роза Отунбаева.

Экс-президент Курманбек Бакиев бүгүн (21-апрелде) Беларустун борбору Минск шаарында маалымат жыйын өткөрүп, президенттик кызматтан кетпегенин айтып, эл аралык коомчулукту Убактылуу өкмөттү тааныбоого чакырган болчу. Ошондой эле ал “бийликти өзүн өзү лидер деп эсептегендер "бандасы" басып алган, талап-тоноп, адамдарды өлтүрүп, натыйжада Кыргызстан он жыл артка кетти” деп айтып, президенттик үчүн күрөшө турганын, аны бир гана өлүм токтото алаарын, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин белгилеген.

К.Бакиев 16-апрелде Казакстандын Тараз шаарында кызматтан кеткендиги тууралуу арызын жазып берген. 7-апрелдеги элдик ыңкылаптын натыйжасында ал Бишкектен качып кетүүгө аргасыз болгон эле. (КС)

XS
SM
MD
LG