Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Россия Украинага саткан газдын баасын төмөндөтөт


Россия Украинага саткан газдын баасын 30 процентке арзандатууга макул болду. Анын бир шарты катары Киев Кара деңиздеги орус флотун 2017-жылдан ары да өз аймагында калтырмакчы. Келишим тууралуу эки өлкөнүн президенттери Харьковдо өткөргөн жолугушуудан кийин жарыяланды. Медведев менен Янукович ошондой эле Севастполдогу базанын ижара мөөнөтүн 25 жылга узартуу жөнүндөгү документке кол коюшту. Бирок ал дароо же 2017-жылдан кийин күчүнө киреби, белгисиз. Украина буга чейин 1 миң куб метр газ үчүн Россияга 330 доллар төлөп келген. Киев 2010-жылдын бюджетин аныктоо жана Эл аралык валюта фондунан алынган карызды кайтаруу үчүн газдын баасын төмөндөтүүгө муктаж эле.

XS
SM
MD
LG