НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери бүгүн Эстонияда жолугушат. Таллинде алардын эки күндүк саммити ачылмакчы. Министрлер Ооганстан маселеси, Европадагы ракетадан коргонуу системасынын иши жөнүндө сүйлөшөт. Бирок саммиттин башкы темасы НАТО-Орусия алакаларына арналаары айтылууда.