Бүгүн Убактылуу өкмөт башчынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев Москвада Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрага орун басары, Каржы министри Алексей Кудрин менен жолугушат. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Т.Сариев Орусия өкмөт өкүлү менен Кыргызстанга берилүүчү күйүүчү майга бажы пошлинасы, 20 миллион грант жана 30 миллион кредиттин техникалык жактарын талкуулап, жана башка экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. (AJ)