Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

“7-апрель” кыймылы А.Лукашенкого каршы акцияны улантат


Кыймыл мүчөлөрү Беларус президентин 6-7-апрелде кан төгүүгө жол берген экс-президент К. Бакиевди Кыргызстанга тез аранын ичинде кайтарып берүүнү, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылып, Кыргызстандагы Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрдү. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Беларус президенти Александр Лукашенкого талаптарды кыймыл мүчөлөрү элчиликке тапшырмак. Бирок элчилик убактылуу иштебегендиктен алар иш-чараны 26-апрелде улантууну чечти.(AiJu)

XS
SM
MD
LG