Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

АКШ жана Орусия өзөктүк курал келишимин ратификациялоо жараянын баштайт


Ратификация жараяны келерки айда башталары жөнүндө эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү билдиришти. АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Эллен Таушердин билдиргенине караганда, документ Сенаттын кароосуна келерки аптанын башында жөнөтүлөрү күтүлүүдө. Ратификация жараяны Орусияда да ушул эле мөөнөттө башталарын Федерация кеңешинин эл аралык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Михаил Маргелов да билдирди. Мындан улам өзөктүк курал келишимин ратификацияны эки өлкөдө тең бир учурда ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда. Эгер аракет оңунан чыкса, ратификация жараяны жыл соңуна барып аяктайт.

АКШ менен Орусия колундагы өзөктүк дүрмөттөрдүн саны ар бири 1550гө кыскартууну караган келишимге президенттер Барак Обама жана Дмитрий Медведев 8-апрелде Прагада кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG