Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүнкү маалымат жыйыны учурунда белгилегендей, Бакиев кызматтан кетүү боюнча кагаз жүзүндө жазып берген билдирүүсүн, оозекти түрдө жокко төгүндөй албайт:
-Мен бир эле нерсени билем – Курманбек Саалиевич Бакиев кызматтан чегингени жөнүндө арызын Бишкекке факс аркылуу жөнөткөнү расмий кабарланган. Бул документ жана анын оозеки билдирүү аркылуу жокко чыгарылуусу кыйын.
Мекенинде бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев кызматтан чегинүү жөнүндөгү мурдагы арызын тааныбаары тууралуу кечээ Минск шаарында жарыялаган. Ал Беларустан башпаанек алганы шейшемби күнү белгилүү болгон. “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун беларус кызматынын маалыматына караганда, эртең Курманбек Бакиев Минскиде басма сөз жыйынын өткөрөрү күтүлүүдө.
Бул аралыкта Кыргызстандын утурумдук өкмөтү кечээ жарыялагандай, 27-июнга жалпы элдик референдум, 10-октябрга парламенттик шайлоо белгиленди. Өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин айтымында, балким президенттик шайлоо да ошол эле күнү өтөт.