Каракол шаарынын Жеңиш паркына элдик көтөрүлүштө курман болгон ысыккөлдүк 10 баатыр үчүн айкел орнотууга жер бөлүнүп берилди. Демилгени көтөргөн жаштар комитети 7-апрелде Акүйдүн алдында курман болгондорго арнап мал союп, куран окутуп, эскерүү күнүн өткөрдү. Айкел орночу жерге чейинки жолдун эки тарабына бак-теректер отургузулду. Келечекте ал «Баатырлар аллеясы» деп аталышы керек. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу М.Асанакунов айкелдин түспөлүн иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыяланганын билдирди. Бул үчүн атайын эсеп фонду ачылып, облустук жана райондук администрациялар да каржылык колдоо көрсөтөт.(RB)