Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

АКШнын сенаторлору Орусияны “бал багып алууга тыйуу салбоого” чакырышты


Демократ сенатор Кирстен Гиллибранд баштаган топ орус президенти Дмитрий Медведевке ушундай өтүнүч менен кайрылды. Алар мындан ары да америкалык үй-бүлөлөр Орусиядан жетим балдарды багып алышына уруксат берилет деген кепилдик сурап жатышат. Ушул айдын башында америкалык аял Орусиядан багып алган 7 жашар баланы “бейтартип, шок экен” деп, өзүн жалгыз Москвага учакка отургузуп, салып жиберген болчу. Муну Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “жеткен наадандык” деп баалап, мындан ары америкалыктарга орус балдарын багып алууга тыйуу салып койгон.

XS
SM
MD
LG