Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал Убактылуу өкмөттүн жетекчилик кызматтарга дайындоо процедуралары мыйзамга ылайык даярдалбаганын белгилеп, ошол себептүү бул кызматта иштей албасын айтты. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эч кандай протоколу, жыйыны же сынак өткөрбөстөн эле жогорку кызматтарга дайындап жатканын билдирди.
БШК жетекчилигине Т.Исмаилованы дайындоо чечимин Убактылуу өкмөт кечээ, 22-апрелде кабыл алган.(КЕ)
БШК жетекчилигине Т.Исмаилованы дайындоо чечимин Убактылуу өкмөт кечээ, 22-апрелде кабыл алган.(КЕ)