Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Орусия, Казакстан майлоочу, күйүүчү май жагынан жардам берет


Бул тууралуу Айыл-чарба министринин милдетин аткаруучу Кубат Касеинов бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Казакстандан май кийинки жумада келе баштайт. Ал эми Орусия да жөнөтүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал жазгы талаа иштери үчүн мамлекеттин корунда сакталып турган 7,5 миң тонна майлоочу жана күйүүчү май жараксыз болгонун айтты. Мындан сырткары жакын арада айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнө 3,5 миң тонна май 24 сомдон берилмекчи. Ал ушундай баада күйүүчү май сатып алуу үчүн дыйкандар айыл өкмөттөргө кайрылып, талон алышы керектигин айтты. Андан соң “Газпром” май куюучу жайлардан алса болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG