Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Орусиядан АКШ Манастагы базаны пайдалануусуна эч каршылык жок


Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Таллин шаарында НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөгөн учурунда билдирди. Клинтондун айтымында, Москва өзү Пентагонго аба мейкиндиги аркылуу жоокерлерди, керектүү материалдарды жеткирүүгө уруксат берүүдө. АКШ Мамлекеттик катчысы ага катар Кыргызстандын утурумдук бийлиги Вашингтонду базаны пайдаланууну уланата аларына ишендиргенин кошумчалады. Мунун алдында кечээ утурумдук өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев америкалык база боюнча соңку чечим октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин кабыл алынарын билдирген. Текебаевдин сөзүнө караганда, утурумдук бийлик мындай маанилүү маселени парламенттик шайлоодон кийин куралуучу өкмөт чечүүсү керек деп эсептейт. Андан мурдараак утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева учурдагы келишимдин мөөнөтү июнда аяктаганда, ал келерки жыл үчүн узартыларын айткан. АКШнын “Манас” аба бекетиндеги аскерий базасы былтыр 22- июнда түзүлгөн келишимге ылайык, маккамы өзгөртүлгөндөн бери транзиттик борбор деп аталат.

XS
SM
MD
LG