Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

К.Бакиев: Эч кандай ыңкылап болгон жок


Мурдагы президент Курманбек Бакиев бул тууралуу бүгүн Минск шаарындагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, төңкөрүш мурдатан даярдалган жана аны жалпы элдин толкундоосу менен күтүүсүз болду деп эсептебейт. Ал мындан 9 ай мурда эле президенттик шайлоо өтүп, эл аны экинчи мөөнөткө шайлаганын, март айынын соңунда өткөн Ынтымак курултайында толук колдоо тапканын белгилеген. “Ыңкылап болуп кетишине эч кандай негиз жок болчу. Мен президент катары, биз баардыгыбыз тынч болгонбуз”, - деген К.Бакиев. Ал Убактылуу өкмөттүн чечимдерин мыйзамсыз деп баалап, бардык чечимдер мыйзам чегинде болуусун, президенттин кызматтан кетиши жөнүндөгү маселени парламент карап чечиши керектигин белгиледи.

Убактылуу өкмөт курамында турган мурдагы оппозиция өкүлдөрү өз кезегинде экс-президентти Кыргызстанга кайтып келип, 7-8-апрелдеги кан төгүлгөн окуя боюнча жана азыр бети ачылып жаткан ири экономикалык кылмыштар боюнча эл алдында жооп беришин талап кылышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG