Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

НАТО башчысы ооган согушунда алга жылуу бар деп эсептейт


Түндүк атлантикалык альянска кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Таллиндеги жыйында бүгүн Ооганстан маселесин талкуулодо. Башкатчы Андерс Фог Расмуссен отурумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө альянс жакында коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрө баштай турганын белгилеп, буларга токтолду:

-Бул жерде Ооганстандагы кырдаал абдан көйгөйлүү экенин жашырууга эч жүйөө жок. Ушул жерде чогулган өлкөлөрдүн көбү ооган миссиясында өз жоокерлерин жоготту. Бирок бул жылы биз белгилүү бир ийгиликтерге жетиштик. Быйыл тараза ташы көбүнесе биз тарапта болот.

НАТО жана АКШ Ооганстандан аскерлерин 2011 –жылдан тарта чыгара баштоону белгилөөдө. Башкатчы Расмуссендин айтымында, Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн даярдоо үчүн НАТО кошумча 450 машыктыруучуга муктаж.

XS
SM
MD
LG