Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Р.Отунбаева: К.Бакиев күчтөп алынып келиниши мүмкүн


Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Минск шаарында өткөргөн пресс-конференцияда “Убактылуу өкмөт өз шарттарын аткарган жок” деген дооматына Бишкектен бүгүн эле жооп кайтарды. Анын айтымында, үч ири өлкөнүн ортомчулугу алдында өлкөдөн чыгып кетип, ары-бери чайкап маалымат бергени К.Бакиевдин моралдык туруксуздугун далилдеп жатат. “Бизге кызматтан чегингени жөнүндө каттын түп нускасын алып келип беришкен. Анын иниси Жаныш Бакиев өзүнүн кылган кылмышы үчүн изделүүдө. Шаарда тополоң уюштуруп, бейкуттукту бузганы үчүн башка инилерин да жоопко тартууга милдеттүүбүз”, - деди Р.Отунбаева журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө. Убактылуу өкмөт жетекчиси 6-7-апрелдеги окуялар толук иликтенип бүткөн соң, анын натыйжасында КМШнын, андан да кеңири чөйрөнүн катышуусу менен К.Бакиев күчтөп алынып келиниши (экстрадиция) мүмкүн экенин айтты.

Бүгүн К.Бакиев Минск шаарында пресс-конференция өткөрүп, анда туугандарына, жакындарына тийишпөө шарты менен кызматтан чегинүүгө макул болгонун, бирок муну Убактылуу бийлик аткарбаганын, ошол себептүү кызматтан кетүү жөнүндө жазган арызынан баш тартып жатканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG