Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:06

И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетте “Китеп күнү” белгиленди


Китеп күнүндө «Китеп сүйүүчүлөр» жана «Жаш калемгерлер» деген сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Анда китеп сүйүүчүлөрдүн алдыңкылары болуп Гүлдана Курманканова, Салтанат Алмазбекова, Айсулуу Токсонбаева, Айбек Исагалиев табылды жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Аталган окуу жайдын Мамлекеттик тил, маданият жана эл аралык байланыш иштери боюнча проректору Т. Коңурбаев «Китеп адамдын жан дүйнөсүн калыптандырып, өзгөртүп, түзө турган улуу күч”, - деди.
Ал эми бир ай мурда жарыяланган «Жаш калемгерлер» сынагынын жыйынтыгында Гүлайым Калыбекова биринчи орунга чыгып, диплом менен сыйланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG