Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Грекия чукул жардамдын биринчи бөлүгүн күтүүдө


Өлкөнүн каржы министри Георгиос Папаконстантинунун билдиргенине караганда, Грекия Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун 45 миллиард евро жардамынын биринчи траншы 19-майга чейин келет деп күтүүдө. Мунун алдында өлкө премьер- министр Георгиос Папандреу өкмөт Эл аралык валюта корунан жана еврозонага кирген өлкөлөрдөн “улуттун муктаждыгы” үчүн чукул каржылык жардам көргөзүү механизмин ишке киргизүүнү өтүнгөнүн жарыялаган. Өтүнүч Евробиримдиктин маалыматтары Грециянын өткөн жылкы бюджет таңкыстыгы мурда күтүлгөндөн да чоң болгонун ачыктагандан кийин жасалды. Вашингтондон Эл аралык валюта корунун баш директору Доминик Страус Кан кор Грекиянын өтүнүчү боюнча ыкчам аракет көрөрүн билдирди. Грекия учурда эң оор каржы кризисин баштан кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG