Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Темир Сариев: Орусия насыянын бир бөлүгүн которду


Утурумдук өкмөттүн өкүлү, каржы жаатын көзөмөлдөгөн Темир Сариев “Азаттыкка” берген маегинде Орусиядан Кыргызстанга жардам катары бериле турган 50 млн. доллар каражаттын техникалык жактары чечилгенин билдирди. Бул маселе анын Орусияга эки күндүк сапары учурунда талкууланып, аталган каражаттын 20 миллиону банктык эсепке которулганын маалымдады. Калган отуз милиион доллар келээрки жуманын ортосунда которулуп, анын 15 миллиону айыл чарбасына, калганы талап-тоноочулуктан жапа чеккен ишкерлер үчүн жумшалат. Аталган каражаттын 20 миллион доллары грант, калганы 1 пайыз жылдык үстөк менен беш жылга берилип атат.

Мындан тышкары Т.Сариев Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолугуп, 20 миң тонна күйүүчү-майлоочу май түрүндө жардам сураган. Ошондой эле бул өлкөдөн алып келинчү күйүүчү майларга салыкты алып салуу тууралуу сүйлөшүлдү. Т.Сариев бул маселе да оң чечилет деп үмүттөнүп атканын айтты. (AiJu)

XS
SM
MD
LG