Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Таласта кен чалгындоочу компанияны кетиришти


Талас районундагы Арал айылынын жашоочуларынын талабы менен «Талас Копер голд» компаниясы чалгындоо иштерин токтотуп, айылдан техникаларын алып чыгып кетти.

Арал айылынын тургундары элдик бийлик орногондон кийин 10-апрелде жыйын өткөрүшүп, бул жакта кен чалгындап жаткан «Талас Копер Голд» компаниясынын чыгып кетишин талап кылышып, жети күн мөөнөт беришти. Алар аталган компания кенди иштетүү боюнча кыйраткан иш кылбай, элди алдамайдын үстүндө болду деп каршы чыгышты.

- Бул инвестордун кылган жумушу айыл ичиндеги бир чакырым жерге таш төккөн, спутникалык бир антенна орноткон, беш жылда жасаган жумушу. Калган жумушу элди алдамай менен болгон. Солярка берип алдаган, запчасть берип алдаган, бул алдамчылыкка жатат. 140 фермердин айылда 3 кана кишиде компания менен түзүлгөн келишими, документи бар. Булар элдин талабы боюнча ушул кезге чейин акимчилик менен, мамлекет менен түзгөн келишимдеринин көчүрмөсүн да бербей келишүүдө, - дейт айылдык комиссиянын мүчөсү Максат Кожобеков.

Айыл тургуну Салкын Ноорузбаева аталган компания анын үлүш жерин эч келишими жок басып алганын айтты:

- Менин жерим ошол жерде Талды-Булак өзөнүндө. Талкалашып казып жатышат! Келечектеги тагдырыбыз кандай болот? Ачтырбайбыз биз! Балдарыбыз кандай жашоо көрөт? Айдоо аянттан эчтеке калган жок, келишим да түзгөн эмес.

Аталган айылдын эли экологиялык коопсуздуктан ушундай кадамга барганын Жаңыл Мүсүралиева белгилейт.

- Талды-Булакты ачтырбаганга аракет кылабыз. Келечекте балдарыбыз эмне иш кылат? Алардын ден-соолуктары кандай болот? Беш киши акча алат экен, алардын акчасынын кимге кереги бар? Ушунча толтура элдин ден-соолугу керек да.

«Талас Копер Голд» компаниясынын коомчулук менен байланышка жооптуу кызматкери Асель Жолдош кызын айыл тургундары бул жыйында угуп да коюшкан жок. Ал өз кезегинде компаниянын жетекчилиги айылда бир катар социалдык объектилерди куруп бермек болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Элдин талабын аткаралы дегенбиз. «Ооба биз чыгып кеттик, азыр биз чалгындоо иштерин токтоттук» деп айталык дегенбиз. Бирок мага мүмкүнчүлүк беришкен жок. Координациялык кеңеш жана айыл өкмөт менен кошо иштешкем. Алар айылга телевышка орнотуп бергиле, спорттук зал куруп бергиле, балдар лагерин куруп бергиле жана клиникага бир тез жардам автоунаасын алып бергиле деп суранышкан. Биз ошонун баарына жардам берели дегенбиз. Бирок аны айтканга мүмкүнчүлүк берилген жок.

«Талас Копер Голд» компаниясы 2005-жылы март айында Бишкекте катталып, алгач үч жылга Арал айылынын түндүк жагындагы Талды-Булак өзөнүндөгү кеңди чалгындоого уруксат кагазын алган. Андан кийин бул келишим дагы үч жылга узартылган.

«Талас Копер Голд» чалгындоо иштерин Кыргызстандагы «Алтын жылга» деген компания менен бирдикте жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG